Ош шаарындагы автобекетте жүргүнчүлөр үчүн шарт жок

Ош шаарындагы райондор, облустар аралык каттамды бириктирген автобекетте жүргүнчүлөр үчүн эч кандай шарттар түзүлгөн эмес.

Аталган автобекеттин жалпы аянты 4 гектер жерди ээлеп, 1500 кичи автобустар, 4000ден ашуун ар кандай жеңил унаалар батат. Ага жараша жүргүнчүлөрдүн саны да арбын. Бирок бир жерден экинчи жерге бара жаткандар үчүн эч кандай шарттар каралган эмес. Жүргүнчүлөр такси менен маршруттарды туруп алып күткөнгө аргасыз. Анткени отургучтардын саны дээрлик жокко эсе.

“Ош- экинчи борбор дейбиз, шаар дейбиз. Бирок шаар атына ылайыктуу эмес автобекеттин абалы. Чарчап келип чай ичели десек жакшыраак ашкана таппадык, олтургучтарды болсо деги көрбөдүм”,- дейт Баткен облусунун тургуну Абдрасул Балтабаев.

Автобекетке киргенде эле дароо унаалардын баш аламандыгы көзгө урунат. Жүргүнчү ташыган унаалар  орун тапкан жерине жайгаша калышат. Таксилер үчүн атайын жайлар курулбагандыктан, каалаган жеринен жүргүнчү алып кете берүүгө көнүшкөн.

Жүргүнчү ташыган айдоочулар жыл санап шарттар жакшырат деген үмүттө  болушат. Анткени баардык каттамдарды бул автобекетке которуп жатканда шаардык бийлик  өнүгүү болот деген убадалдарды берген. Бирок андан бери 3 жылдын жүзү болсо дагы жарытааарлык жылыш болгон жок. Айдоочулар ар бир каттамы үчүн 20 сомдон жогору акча төлөп жатканы менен, ал каражаттардын кайсы жакка жумшалаарын билишпейт.

“Ар бир каттам үчүн 20 сомдон 50 сомго чейин беребиз. Бир күндө 200дөн ашуун машина кетет. Бир күндө түшкөн акчадан деле жакшына кылып асфальт басып коюшса болмок”,- дешет айдоочулар.

Түз жеринен чуңкуру көп автобекетте орундуктардан тышкары ысыкта күндөн, жамгырда суудан баш калкалай турган жери да жок.

“Мен таңга маал 6:50дө Кызыл- Кыядан чыгып, бул жерге саат 2де келем. Ысыктан баш калкалаар жер жок, төбөмө күн өтөт”,- дейт айдоочу.

Автобекеттин жетекчилигинин айтымында, айдоочулардан түшкөн каражатка майда  курулуштар бүткөрүлүп, калганы 30дан ашуун жумушчулардын эмгек акысына жумшалууда.

“Кыргыз автобекети” ишканасынан билдиришкендей, автобекет өзүн- өзү каржылоо системасында иштейт. Ошондуктан, калган жумуштар дагы бюджеттеги акчага бүтүшү зарыл. Быйылкы жылга эң керек делген жолдорго асфальт басылып, күтүү залы ремонттолоору пландалган.

Кыргыз автобекеттен кошумчалагандай, курулуштарга акча жетишсиздиги жаралбайт. Каражатты туура эмес пайдаланууга да жол берилбейт, анткени айдоочулардан жыйналган акчаны эсептөө палатасы тынымсыз көзөмөлгө алып турат. Эгерде мыйзамсыз иш кылгандар аныкталса, анда мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Сюжет: Нуржамал Баргыбаева, Азам Бузуриков.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген