Ош шаарындагы арыктардын 90 пайызы оңдоого муктаж

Ош шаарындагы катталган жамгыр бир топ көйгөйлөрдүн бар экендигин ачыктады. Калаадагы ирригациялык арыктардын абалынын начар акыбалда турганын көрсөттү.  Эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык бөлүмү жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул маселени чечүүдөгү планы ишке ашабы? Же дале бармак басты, көз кысты болуп кала береби деген ой келет. 

28-марттагы катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ош шаарынын бир топ аймактарын суу каптап кетти. Болжол менен бир кубга жакын келген сел көп кабаттуу имараттардын жертөлөлөрүнө да кирип, бир топ зыянга учураткан. Бул көрүнүш быйыл эле эмес, жыл сайын кайталанып келет.

 

Селдин капташы шаардагы ирригациялык арыктардын оңдолбогондугунун кесепети болууда. Калаадагы өйдөлүш көчөлөрдөгү жамгырдын суусу төмөн карай агып арыктарга батпай калгандыктан, тратуарларга жана имараттарга карай ашып кетип жатат дейт өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери билдирди.

Ирригациялык арыктарды оңдоого Ош шаардык мэриясы жыл сайын жергиликтүү казынадан 7 миллиондон 10 миллион сомго чейин бөлүп келген. Каралган каражатка тиешелүү миуниципалдык ишканалар жол жээгиндеги арыктарды оңдошкон. Алдыда 90%ы кеңейтилүүгө тийиш деп билдирди шаар бийлигинен.

Шаарда ички жолдордун узундугу 536 чакырымды түзөт. Анын эки тарабындагы арык миң километрден ашат. Бирок буга чейин бөлүнгөн каржыга шаардагы суу каптоо көп катталган жерлердеги арыктарды оңдоого жетээрлик болсо да, ал жерлер али каралбай келет.

Эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү селден көп жабыркаган Ош шаардык сотунун имаратынын жанындагы арыкты кеңейтүү үчүн долбоор жазып, ӨКМге сунуш кылышкан. Ал үчүн 4.5 миллион сом керектелет. Аталган министрлик ишти өз ара карап чыгып, маселени жөнгө салышы керек. Аталган иштер аткарылса жаандын суулары арык аркылуу каналдарга же Ак-Буура дарыясына кошулуп кетиши керек. Ошондо шаар селден оолак болот дешет адистер. Бирок Ош шаарын аралап өткөн каналдар селди алып кетүүгө багытталган эмес.

– “Ош шаарын аралап өткөн каналдардын бири да селдин алдын алуу максатында курулган эмес”-дейт Кара-Суу районунун суу чарба баркармалыгынын башчысы Марат Ахунбаев. Ал эми жергиликтүү бийлик селдин суусу канал менен кетиши керек деп отурушат. Алдыда Ош мэриясы бул маселени тыкыр көзөмөлгө албаса, сел жүрүү ыктымалы жок эместигин ӨКМ адистери эскертишет.

Видео: Кымбатбек Абдисамат уулу

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген