Ош шаарындагы айрым менчик мектептер окуу акысын 50-70 пайызга кыскартышты

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу менчигинин түрүнө карабай бардык билим берүү уюмдары дистанттык окутуу аркылуу иш алып барууда.

Мындан улам Билим берүү жана илим министрлигинин дарегине балдары жеке менчик мектептерде окуп жаткан ата-энелерден окуу акысын азайтууга көмөк көрсөтүү боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүп жаткандыгын министрлик маалымдаган.

“Коронавируска байланыштуу кирешесиз олтуруп калган ата-энелерди да, ишмердүүлүгү окутуудан түшкөн каражаттан көз каранды болгон менчик мектептердин абалын да түшүнүп турабыз. Андыктан, министрлик ата-энелер менен мектеп жетекчилери өз ара сүйлөшүү аркылуу маселени чечип алууга чакырат”,-деп билдирген Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы.

Ошондой эле министрлик менчик мектептердин жетекчиликтерине окуу акысын кыскартууну сунуштаган.

Мындан улам аталган сунушту жеке менчик мектептер колдонуштубу деген суроо менен Ош шаарындагы балдары менчик мектептерде билим алган ата-энелер менен жана мектеп жетекчилери менен байланышууга аркет кылып көрдүк.

Биз байланышууга мүмкүн болгон жетекчилерден апрель-май айларынын окуу акысын 50-70%га кыскарткандыктарын биле алдык.

Билим берүү мекеменин атын жазбай эле коюуну суранган мектеп жетекчилеринин бири айрым окуучуларга окуу акысын таптакыр төлөбөй эле коюуга мүмкүнчүлүк берсе, айрымдарына шартына жараша төлөөгө уруксат бергендигин айтты.

Ал эми ата-энелердин алгачкысы менен байланышканыбызда эле мектептин берген жеңилдиги анын үй-бүлөсүнө чоң көмөк болгондугун айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:

“Дистанттык окуу дегенде эле төлөм оюма келди, анткени уулум жакшы билим алса экен деп менчик мектепке бергенбиз. Ай сайын 7 000 сом төлөп, башка чыгымдарды кыскартып жашайбыз. Башка мектептер 50% кыскартып бериптир деп уктук, а биздин мектеп 7000дин 4,5 миң сомун кыскартып берди, эми апрель-май айларына 2,5 миңден гана төлөйбүз, бул жакшы да”,-деди.

“Эки балам шаардагы менчик мектепке барат. Ар бирине 6000ден төлөчүбүз. Азыр үйдө экөөнүн сабактарын аткарышып, программадан артта калбаса экен деп анча эле “нервим кетип” атат.  Бирок мектебибиздин директору 50% эле төлөгүлө дегенин угуп аябай сүйүндүм. Ошондо экөөнө биригип 6000 сом эле беребиз”,-деди ыраазы болгон энелердин дагы бири.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус илдетинин пайда болушунан улам, билим берүү мекемелери 16-мартта мөөнөтүнөн мурда эс алууга чыгышкан. Ал эми аралыктан окуу 8-апрель күнү башталган.

Менчик мектептердеги окуу акысынын төлөмүнө Билим берүү министрлиги кийлигише албайт

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.