Ош шаарында Жыргалбек Сулаймановдун китебинин бет ачары болот

Эртең, 27-май күнү, Ош шаарында саат 14:00дө Ош мамлекеттик университетинин имаратында белгилүү жазуучу Жыргал Сулаймановдун “Жылан эне” роман китебинин жана “Ворон” аттуу орус тилинде жазылган повесттин бет ачары жана чыгармачылык кечеси болуп өтөт. Бул тууралуу жазуучу өзүнүн фейсбуктагы баракчасында жарыялады.

Аталган иш-чара Өрнөк-Башаты жазуучулар борбору жана КРнын улуттук жазуучулар биримдигинин колдоосу менен өткөрүлөт.

Жыргал Сулаймановдун алгачкы адабий чыгармасы, “Дилкөөнүмдө жанган от” аталыштагы китеби 2018-жылы басылып чыккан. Андан соң “Өзүңдү изде” деген китеби 2019-жылы жарык көргөн.  

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.