Ош шаарында жылуулук берүү эртең токтотулат

Ош шаарында 2019-2020-жылдын жылытуу мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу жылуулук берүү эртең, 18-марттан тарта токтотулат. Бул тууралуу шаардын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. Калаа башчысынын буйругу жылуулук менен камсыздоочу обьектилерин 2020-2021-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы Ош жылуулук электр борборуна, «Жылуулук камсыздоо» муниципиалдык ишканасына, шаардык билим берүү башкармалыгына, саламаттыкты сактоо мекемелерине милдеттендирилди.

Эске салсак, Ош шаарына жылуулук 2019-жылдын 5-ноябрынан тарта бериле баштаган.

Ошко эртең жылуулук берилет

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген