Ош шаарында жыл башынан бери төрт эне төрөттөн көз жумду

29-августта Ош шаардык төрөт стационарына 28 жаштагы аял оор абалда жеткирилип, уулдуу болгон. Бирок  келиндин ден-соолугу начарлап, 17-сентябрь күнү каза болду. Аял буга чейин боор дун өнөкөт гепатит “Б” оорусу менен жабыркап келген. Төрөт үйүнүн бул маалыматын тактоо үчүн эки күн аракет кылып, бирок  интервью ала албадык.

Жогорудагы эненин өлүмүн кошкондо быйыл Ош шаарында 4 учур катталды. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда бир учурга көп. Ош облусунда болсо былтыр 5 аял төрөттөн көз жумса, быйыл 8 айда элде көрсөткүч жети учурга  жетти. Ак халатчандар билдиришкендей, төрөт үйлөрүндө катталган өлүмдү кош бойлуулугуна же  дарыгердин тажрыйбасыздыгы менен байланыштырууга болбойт.

Ош шаарынын башкы акушер-гинекологу Кишимжан  Мурзакулованын айтымында, өлкөдө акыркы 10 жылды эсепке алганда энелердин өлүмү азайган. Буга медицина тармагындагы өсүш,  аялдар арасында өткөрүлүп жаткан түшүндүрүү иштер жана коомчулукта сабаттуулук жогорулаганын атаса болот. Медицинада жылыш  болгон менен энелердин ден-соолугу начарлап баратканы да айкын көрүнүш. Буга  сырткы миграциянын күчөшү,  социалдык  жетишсиздик жана кыздардын эрте турмушка чыгышы башкы себеп.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы энеликти жана балалыкты коргоо боюнча координатору Замирбек Шакировдун белгилешинче, эне-баланын ден-соолугун чыңдоо үчүн министрлик бир топ алгылыктуу иштерди жасап келет. Жылына жок эле дегенде 10го жакын окутуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери алып барылып турат. Мындан сырткары энелердин арасында катталган ооруларды аныктап, акысыз кызмат көрсөтүү да жок эмес. Дарыгерлердин айтымдарында, эненин аман-эсен көз жарышынын 80 пайызы өзүнөн көз каранды. Калганы медицина кызматкерлеринен жана айланасындагы жакындарына байланыштуу. Андыктан ак халатчандар ден-соолука дыкат көңүл бурууга чакырышат.

Сүрөт: Спутник

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген