Ош шаарында жеке ишкер 250 метр жолго өз каражатынан асфальт төшөтүп берди

Жеке ишкер Анваржан Шарипов шаардагы начар абалдагы Давыдов атындагы көчөсүнө узундугу 250 метр, туурасы 8 метр болгон асфальт төшөп берди. Жолду асфальттоого жеке ишкер 1 млн сомдон ашык каражатын сарптаган.

Ага шаар башчысы Таалайбек Сарыбашев ыраазычылык билдирди.

Буга чейин мэр жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга каалоочулар болсо, көмөк көрсөтүүгө чакырган. Ошондо ишкер Шарипов 250 метр жолду өз каржысынан асфальттоого убада берген.

Мэриянын маалыматына ылайык, Ош шаарында жеке ишкерлер борбордук стадиондун реконструкциядан өтүшүнө, кичи эс алуучу жайлардын жана тротуарлардын оңдолушуна жакындан жардам беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.