Ош шаарында жаштардын инновациялык борбору ачылды

4-июнь күнү, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын интелектуалдык-инновациялык борбору ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун ачылуу аземи салтанаттуу түрдө өтүп, ага КРнын министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, шаардык кеңештин депутаты Гульсана Эсенбаева жана шаардагы активдүү жаштар катышты.

Инновациялык борбордо жаштарды тейлөө жана кеңеш берүү бөлүмү бар.

Мындан тышкары, ийгилик, бизнес, таалим, IT мектептери, робот-техника, компьютердик курстары, ошондой эле, акысыз тил курстары боюнча долбоорлор ишке ашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.