Ош шаарында тилемчилик кылып күн көргөн 16 өспүрүм аныкталды

Ош шаарында тилемчилик кылып күн көргөн 16 өспүрүм Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы(Ош ШИИБ) тарабынан аныкталды. Алар базарлардан, соода түйүндөрдүн айланасынан, вокзал, унаа токтоочу жайлардан жана жол бойлорун “байырлап” жүргөндө кармалган.

Өспүрүмдөрдү кармоо иштери Ош ШИИБи тарабынан уюшулган “Тилемчи” аталышындагы рейддин алкагында жүргүзүлдү. Натыйжада 16 өспүрүм аныкталып, айрымдарынын ата-энелерине КРнын бузуулар туралуу кодексинин 61- беренесине(Ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык протоколдор түзүлүп, ар бирине 1000 сомдон айып пул салынды.
Бир өспүрүм балдар үйүнө жайгаштырылып, үчөөсүнүн жашоо-шарты тууралуу материалдар Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн балдар комиссиясына жиберилип, мамлекеттин карамагына алуу боюнча сунуш берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.