Ош шаарында Түрк Кеңешинин жаш лидерлеринин форуму өттү

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов Түрк Кеңешинин жаш лидерлери менен жолугушту, жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандан 50дөн ашык жаш делегаттар катышты.

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда биринчи вице -мэр Замир Юсупов жаштарга инвестиция салуу келечек үчүн чоң багыт экенин баса белгилеп, мындай форумдар жаштарга тажрыйба алмашууга жана каалаган чөйрөдө өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

Форумдун максаты-аймактарды өнүктүрүү жана жаштар саясаты жаатында тажрыйба алмашуу, шаардын потенциалын өнүктүрүүгө кошумча дем берүү, түрк тилдүү элдердин бир туугандыгын жана достугун бекемдөө.

Түрк Кеңешинин жаш лидерлер форуму 2018 -жылдан бери өткөрүлүп келет. Биринчи форум Азербайжанда, экинчиси Казакстанда өттү. Кийинки эстафетада Өзбекстан өлкөсү турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.