Ош шаарында пластикалык терезе чыгаруучу завод ачылды

Бүгүн, 18-апрель күнү Ош шаарында пластикалык терезе чыгаруучу “Имзо” заводдун ачылыш аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу элчиси Камил Рашидов, КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстандагы “Имзо” компаниясынын директору Аброр Ганиев, жеке ишкерлер жана шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен чек аралар ачылып, достук мамиле гана калыбына келбестен, инвестиция тартуу багытында да бир топ ийгиликтер жаралып жаткандыгын белгилеп өттү.

Ал эми КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу Кыргызстан боюнча кыргыз-өзбек кызматташуусунун алкагында жалпы 9 ишкана ачыла турганын айтып, алардын төртөө Ош шаарында ачыла тургандыгын кошумчалады.

“Имзо” заводу Өзбекстанда 2014-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ош шаарындагы аталган заводдун филиалы 70ке жакын шаардыктарды жумуш орун менен камсыз кылды. Учурда айына 2 миң чарчы метр пластикалык терезелерди чыгарат. Бирок заводдун 9 миң чарчы метр өндүрүш чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.