Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мыкты кызматкерлери сыйланышты

Ош шаарында 23-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кесиптик майрамына карата мыкты кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, салтанатка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мамлекеттик укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын, коммуналдык уюмдар менен ишканалардын, профсоюз кызматкерлеринин аймактык комитетинин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Шаар башчысы өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлердин жана муниципалдык кызматкерлердин социалдык-экономикалык чөйрөнү, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жарандардын жыргалчылыгы үчүн иштөө көрсөткүчтөрүн жакшыртууга кошкон салымын белгиледи.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө кошкон салымы, тайманбас жана ак ниет эмгеги үчүн мамлекеттик уюмдардын жана ведомстволордун, муниципалдык ишканалардын жана кызматтардын, ошондой эле МТУнун бир катар көрүнүктүү кызматкерлери ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Айрым муниципалдык кызматкерлерге “Мыкты муниципалдык кызматкер” наамы, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отличниги” төш белгилери берилди. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бир катар муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.