Ош шаарында кошумча уюштурулган пункттарда ун сатылууда

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин тапшырмасынын негизинде шаарга кире бериш жерлерге ун сатуу жайлары уюштурулду. Бүгүн, 19-марттан тарта Фуркат айылында, Кулатов кичи районунда жана борбордук базарда ун сатылууда.

Кечээ, 18-мартта “Тулпар” ун комбинатына 150 тонна ун жана 350 тонна буудай келип түшкөн. Биринчи сорттогу бир кап ундун баасы 1350 сомдон туруктуу баада сатылууда.

“Жакынкы күндөрү 650 тонна буудай жана 150 тонна ундун келиши күтүлүп жатат. Эртеңки күндөн тарта ун борбордук базарда гана сатылат. Коопсуздук жана башаламандыкты алдын алуу багытында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш жүргүзүүдө”, – деп билдиришти калаа мэриясынан.

Эске салсак, буга чейин  “Тулпар” ун комбинатында унга кезек күткөндөрдүн саны көбөйгөн.

Ош шаарынын борбордук базары жабылышы мүмкүн

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген