Ош шаарында коронавируска каршы акысыз 47 эмдөө борбору ачылды. Даректери

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, кечээ, 13-июлдан баштап Ош шаарында коронавируска каршы акысыз эмдөөчү 47 пункт иштеп баштады.

Бул пункттарда алар «Синофарм» вакцинасы менен акысыз эмделет. Эмдөөгө келген ар бир адам жанында паспорту (ID-card) болушу керек.

Ош шаарындагы эмдөө пунктарынын даректери:

– Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11; Ош мамалекеттик университетинин дарылоо пункту жана  Аэропорт – авиа шаарчыасы.

– ФАПтар: “Алмалык”, “Пятилетка”, Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалак, “Сулайман-Тоо”, “Озгур”, “Беш-Калпак”.

– Мектептер: Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептерде.

– Ош шаарынын борбордук базары, “Фрунзе” жана “Келечек” кичи базарларында.

– «Глобус», «Фрунзе » гипермаркетинде, ошондой эле, Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада эмдөө жүрөт.

Мындан тышкары ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборнунун алдында эмдөөгө чейин консультация алуу үчүн мобилдик топтор уюштурулган. Ош шаары боюнча 12 мобилдик топ бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.