Ош шаарында коопсуз шаар долбоору иштеп баштайт

Бүгүнкү күндө коопсуз шаар долбоорунун алкагында Бишкек шаарына экинчи этап менен Кытай компаниясынын өкүлдөрү келген. Алар борбордогу бир канча көчөлөрдү камералар менен камсыздашат. Этап-этабы менен жүрүп олтуруп, кезек Ош шаарына да келет. Учурда 129 бала атайын окуудан өтүп жатышат. Алар окуусун бүтүп келишкенден кийин, 1-декабрдан тарта ишке киришет. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын башчысынын ору басары Нур Сатыбалдыев билдирди.

“Катталган жол кырсыктарына 80% айдоочу күнөөлүү. Алар биринчиден, жүргүнчүнү көп санда алат. Экинчиден, ылдамдыкты ашырып айдашат, ал эми үчүнчүдөн, каршы тилкедеги жолго чыгып кетишет. Ошондой эле мас абалында айдап баратып, оодарылып, элект мамыларын сүзгөндөр көп катталууда”.

“5 орундуу унаага 5 чоң адам олтуруп, дагы 3 жаш баланы салып алышат. Анын натыйжасында, кырсыктан каза болгон жаш балдардын саны дагы өсүп жатат. Алсак, Ош облусунда өткөн жылы 6 жаш бала кайтыш болсо, быйыл 11 наристе көз жумду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 50%га өстү дегенди билдирет”.

Ош облусу боюнча адам өмүрүн алып кеткен кырсыктардын саны 13%га өстү. Былтыр 80 киши каза болсо, быйыл 91 адам көз жумду.

Ал айдоочулардын адам өмүрүнө болгон жоопкерчилигин сезбей жаткандыгын кошумчалады.

“Унаасына салган ар бир адам үчүн айдоочу жооптуу. Бирок алар коопсуздук курун тагынышпайт, жүргүнчүлөрдөн да талап кылышпайт. Жол эрежесин бузган учурда тааныш-билишине чалган, ошолорго ишенген учурлар көп кездешүүдө. Андыктан, Ош шаарына коопсуз шаар долбоору киргизилсе, жогорудагыдай көрүнүштөр жоголот. Долбоордун негизинде Бишкекке орнотулган камералардан улам, кырсык азайып, видеобайкоолор бар жерде кырсык болбой жатат”.

Учурда Ош шаарында коопсуз шаар долбоору ишке ашышы үчүн жергиликтүү бийлик менен биргеликте жолдордун долбоорго ылайыкталышын камсыздалып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген