Ош шаарындагы коомдук каттамдарынын каттоо мөөнөтү текшерилди

Ош шаарында эл көп жүргөн убактарда коомдук транспорттун интервалына анализ жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой , коомдук каттамдарга уюштурулган рейдге вице -мэр Сонунбек Жунусбаев катышты.

Вице-мэр эртең мененки саат 07:30да, жарандардын көбү жумушка же окууга шашып бараткан убакытта кичи автобустар менен троллейбустардын режимдерин текшерди. Коомдук транспорттун экологиялык жана техникалык абалын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Аталган иш-чара Ош шаарынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде уюштурулду.

«Коомдук транспорттун интервалдарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, керек болсо жарандардын ыңгайлуулугу үчүн аларды кыскартуу боюнча көрсөтмө берилет. Жумуш шаар тургундарынын суранычы менен жүргүзүлүүдө », – деп белгиленди мэриядан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.