Ош шаарында кайсы мэр жакшы иштеген?

Ош шаары 18-июлда 24- мэрин шайлайт. Буга чейин 1941-жылдан тарта түштүк калааны  23 жетекчи башкарган. Алардын эң узак мөөнөт иштегини  Тургунали  Аманалиев болгон. Ал  Ошту 10 жыл башкарган. Ал эми шаар башчылыгында эң аз мөөнөт иштеген Эмилбек Абакиров 1971-жылы бир ай аталган кызматта олтурган.

2000-жылдын  5-октябрдан “мэр” деген статус киргизилген. Ага чейин  шаар аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан 2000-жылга чейин Ош шаардык мамлекеттик администрациясысын башчысы деп аталып келген.

“Ынтымак” сиздерге  Ош шаарынын акыркы 5 мэрин сунуштайт.  Кайсы башчыны мыкты иштеп, Ошту өнүктүрдү  деп эсептейсиз? Добуш бериңиз!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген