Ош шаарында  көрктөндүрүү иштеринин алгачкы этабы башталды

Ош шаарында  көрктөндүрүү иштеринин алгачкы этабы  башталды. Бүгүн, 5-февралда шаар башчысы жана тургундардын катышуусунда 190 түп ийне жалбырактуу дарактын көчөттөрү отургузулду.

“Быйыл Ош шаарында экологияга өзгөчө көңүл бурулат. Ага ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына каражат бөлүнгөн. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл эгиле турган көчөттөрдүн саны көп. Шаарды көрктөндүрүү үчүн аймактык башкармалыктар,мекеме-ишканалар арасында сынак жарыяланат”, –  деп билдирди саамалыкка катышкан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов.

2020-жылга карата 800 түп ийне жалбырактуу, 1500 түп жазы жалбырактуу жана 80 000 түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалган. Мындан сырткары аймактык башкармалыктар тарабынан 20 000 миң түп көчөт отургузулат.

“Өткөн жылы Шакиров көчөсүндө 489 дарак кыйылган. Алардын  ар биринин ордуна экиден түп дарак эгебиз деген планыбыз бар жана быйыл аны ишке ашырабыз. Биздин кызматкерлер куурап калган гүлдөрдү жана көчөттөрдү дагы жаңылашат. Айрымдары эгилген көчөттөрдү сындырып кетип, аларды кайрадан оңдогонго туура келет. Бирок ага карабастан шаардын көркү үчүн, өсүп-өнүгүүсү үчүн биздин ишкана болгон арактебизди жумшай беребиз”, – деп кошумчалады  “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынынын жетекчиси Данияр Токторбаев.

Белгилей кетсек, шаарга отургузулган көчөттөрдүн дээрлик баары аталган ишкананын  күнөсканасында өстүрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.