Ош шаарында үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери башталды

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында мыйзамсыз курулган үйлөргө техникалык паспорттор даярдалып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу үчүн шаар мэриясы тийиштүү аракеттерин баштаган.

Аталган аймакта жалпы 146 гектар жерге өз алдынча жарандар тарабынан 800гө жакын мыйзамсыз үйлөр курулган. Учурда ар бир айылда мобилдик топтор түзүлүп, документтер даярдалууда.

Үйлөргө идентификациялык код, дарек берилип, мындан кийин тургундардын каттоого туруусуна жана турак-жайларын мыйзамдаштырууга жол ачылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.