Ош шаарында үйлөрүн камсыздандырбагандарга маалым кат берилбей жатат

Турак жайын камсыздандырбаган жарандарга маалым кат берилбейт. Мындай кулактандыруулар аймактык кеңештерде чыгарылган. Бул билдирүүнүн айынан, айлап  керектүү документти ала албай жүргөндөр бар. Ал эми укук коргоочулар бул аракет мыйзамга каршы келээрин билдиришүүдө.

Атын айтууну каалабаган  жаран бир айдан бери жашаган жеринен маалымат алалбай убара. Аймактык кеңештегилер качан гана жашап жаткан үйү камсыздандыруудан өткөрсө гана керктүү кагаз берилерин айтышкан. А бирок  каарманыбыз ижарада жашайт. Ошондуктан камсыздандырганы мүмкүнчүлүгү жок.

“ Бир айдан бери барабыз, такыр ала албадык. Камсыздандырылган үйлөрдүн ээлерине гана маалым кат беребиз деген бир эле жооп болуп жатат”,- дейт атын айууну каалабаган Ош шаарынын тургуну.

Шаар тургунун айтканы чындыкка дал келет. Анткени аймактык кеңештерде турак-жайы камсыздандырылбагандарга маалым кат берилбейт деген кулактандыруулар илинген. Демек, жогорудагы каарманбыздай убара тарткандар четтен чыгат. А бирок Ак-Буура аймактык кеңештин төрагасы бул жөн гана жарандарды сестентүү катары жазылган  сөз деп кутулду.

Себеби Ош шаардык мэриясы ар бир жарандан камсыздандыруу полисин текшерүү, жокторуна чара көрүү тапшырмасын берген экен. Ал эми жооптуу адистер болсо маалым кат же башка керектүү документтерди бербей койсун деген буйрук чыгарган эмеспиз дейт. Тескерисинче ар бир аймактык кеңеш төрагаларына түшүндүрүү иштерин кылдат жүргүзүүгө талап коюлган.

Укук коргоочулар болсо маалым кат бербей  коюу көрүнүштөрү мыйзамга каршы келээрин билдиришет.Себеби камсыздандыруу төлөмдөрү жокторго жашаган жерден документ берилбесин деген өкмөттөн атайын токтом чыгышы керек болчу. Ошондуктан мындай абалга туш болгондор прокуратурага кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар.

Ош шаарында жалпы 55 миңден ашуун турак жай каттоого алынган. Анын ичинен бул жыл үчүн 10миңден ашууну камсыздандыруудан өттү.Белгилей кетсек,  2015-жылдан баштап турак-жайларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы кабыл алынган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген