Ош шаарында гайморит оорусу күчөдү

Мурун оорусуна чалдыккандардын саны кескин көбөйдү. Ош облустук клиникасынын тамак, мурун жана кулак оорулар бөлүмү 35 орунга ылайыкташтырылса, учурда анын 22син эле мурун оорусу менен жабыркагандар ээлейт.

Дарыгерлердин айтымында, көпчүлүгүнүн дарты суук тийгизип алуудан пайда болот, анткени суукта мурун көңдөйчөсү сезгенип, шамалдайт. Сасык тумоого чалдыккандар да убагында дарыланбай, гайморит оорусуна туш болушу мүмкүн. Ошондуктан ак халатчандар ден-соолукка кайдыгер болбой, медициналык кароодон өтүүнү эскертишүүдө. Себеби убагында дарыланбаган оорунун аягы операция жолу менен бүтүү коркунучу бар.

Дарыгерлер мурун көңдөйүнүн сезгенүү ооруларын алдын алууда организмди чыңдоонун мааниси чоң экендигин баса белгилешет. Аба жана күн ваннасы, суу процедуралары жана спорт менен такай машыгуу- организмди чыңдап, дем алуу жолдорунун ооруларын алдын алат.

Журналист: Нуржамал Баргыбаева

Оператор-монтажер: Кымбатбек Абдисамат уулу

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz