Ош шаарында эмдөө акциясы өтүп жатат

Бүгүн, 8-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында калкты коронавирус инфекциясына каршы массалык эмдөө иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Акциянын алкагында көңүл ачуу иш чаралары өткөрүлүп, концерттик программа даярдалууда. Жаштардын арасында флешмобтор уюштурулууда.

Ош шаарынын борбордук аянттында тургундар, баардык каалоочулар коронавируска каршы эмдөө ала алышат. Вакцинаны алгандардын баарына баалуу белектер берилет.

Бул иш-чара республикалык штабдын протоколуна ылайык 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин Ош шаарындагы бардык муниципалдык аймактык башкаруу жерлеринде масштабдуу акциянын алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.