Ош шаарында эл аралык карылар күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 1- октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Ош шаардык мэриясынын, шаардык мекеме ишканалардын кызматкерлери, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери менен биргеликте 100 жылдан ашык өмүр сүрүп жаткан карылардан кабар алып, майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, вице-мэр Венера Рыскулова шаардагы “Боорукердик” үй интернатында жашаган каарыларга урмат- сый көрсөтүп, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан карылар күнү менен куттуктады.

Вице-мэр арыялардын айткан кеңеши менен берген батасы мамлекеттеги туруктуулуктун, бакубат жашоонун өбөлгөсү экенин белгилеп, аларга Ош шаарынын мэриясынын белектерин тапшырды.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен шаарда жалгыз бой, кароосуз калган улгайган адамдарга материалдык жардам катары 150 миң сом акча каражаты бөлүндү.

Белгилей кетсек, Ош шаарында Эл аралык карылар күнүнө карата бир айлык жарыяланган. Анын алкагында улгайгандардан кабар алып, акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.

Мындан сырткары, Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен социалдык өнүгүү башкармалыгында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Ачык эшиктер” акциясы уюштурулат. Анда шаардагы баардык кары-картандарга ар тараптуу маалыматтар берилип, колдоо көрсөтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.