Ош шаарында дин аалымдарынын катышуусунда эки күндүк иш-чаралар өтөт

Бүгүн, 30-сентябрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев баштаган Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасынын орун басары Дамир Муххединов, Ташкент шаарындагы борбордук «Убай ибни кааб» мечитинин имамы Абдулхаким Маткулов, Казакстандын муфтийи Наурызбай Утпинов, Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк жана Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Алмаз Мамбетов өз сөзүндө “Ислам – тынчтыктын тиреги” аттуу эл аралык илимий -практикалык конференциясы эң сонун коммуникациялык платформа жана толеранттуулук үчүн бир гана мусулман дин өкүлдөрү үчүн эмес, башка диний конфессиялардын өкүлдөр үчүн да кызмат кылаарын белгилеп өттү.

Жолугушууда тараптар азыркы заманда тынчтыкты, бир туугандыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн эл аралык иш -чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Ош шаарында дин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ислам – тынчтыктын тиреги” аттуу эл аралык илимий -практикалык конференция болду. Эртең, 1-октябрда муфтийлердин катышуусунда жогорку окуу жайлардын тийиштүү факультеттеринде, медреселерде, окуу борборлорунда лекциялар, мечиттерде жума баяндар уюштурулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.