Ош шаарында үч күн бою калемгерлерге мастер-класстар өтүлөт

Кыргыз Эл акыны Сагын Акматбекова, акын Калчоро Көкүлов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков 3 күн бою Ош шаарында калемгерлерге мастер-класс өтүшөт.
Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзунан кабарлашты.

Иш-чара КРУЖС Ош бөлүмү, Ош шаардык мэриясы, “Жигер” чыгармачылык жаштар борбору тарабынан Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын 20 жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлүп жаткан поэзия күндөрүнүн алкагында уюштурулууда.

3 күн бою өтө турган ыр майрамга Бишкек шаарынан жыйырмага жакын жаш таланттар келип катышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.