Ош шаарында “Биомаданий көп түрдүүлүк дүйнөсүнө саякат” көргөзмөсү ачылат

Эртең, 16 -сентябрда Ош шаарында “Кыргызстандын биомаданий көп түрдүүлүк дүйнөсүнө саякат:
Чыгармачылык көркөм лабораториялар ” аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинен билдиришти.

Алардын айтымында, аталган иш-чарада биздин өлкөнүн бийик тоолуу региондорунун бири – Чоң -Алайда түштүк борбордун сүрөтчүлөрү жараткан 60ка жакын эмгектердин бет ачары болот.

«Августтун башында 10 сүрөтчү көчмөн цивилизациясынын маданий жана табигый мурастарын тереңирээк изилдөө үчүн арт-лабораторияга катышты. Жергиликтүү маданияттын өзгөчөлүктөрүнө терең чөмүлүү, сүрөтчүлөргө аймактын тарыхын түшүнүүгө, жергиликтүү жашоо образынын өзгөчөлүктөрүн сезүүгө, тарыхтын кыйын учурларын түстөрдө сактап калуу үчүн жардам берди, Ошондуктан, сүрөттөр эмоционалдык жактан каныккан, билимге сиңген, ошол күндөрү сүрөтчүлөрдү курчап турган адамдардын жылуу мамилесинен көрүнүктүү болуп чыкты », – деп белгилешти музейден.

Сүрөткерлер Чоң -Алайдын кооз жерлерине – жайлоого, шаркыратмаларга, капчыгайларга, Ленин чокусуна, булактарга: Алай районунун Гүлчө айылындагы Курманжан датка тарыхый -этнографиялык музейине, 18 -кылымдын чеби Дароот-Коргон айылында Кокон хандыгынын доору, “Кыз-Мазар” булагы, Чолок-Кайың жайлоосу, Дароот-Коргон айылынын панорамасы, экологияны коргоо фондунун эко-активисттери менен, этнографиялык жамаат Сары-Могол айылынын музейине барышып, Ленин чокусунун панорамасы жана Тулпар көлдун кооздугу менен суктанып кайтышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.