Ош шаарында арзан көмүр сатыла баштады

Бүгүн, 24-ноябрдан тарта Ош шаарынын аймагында Өзгөн жана Алай райондорунан алып келинген арзан баадагы көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, бүгүн шаар мэри Алмаз Мамбетов көмүр сатуу пункттарын кыдырып чыкты.

“Жергиликтүү жашоочуларды арзандатылган көмүр менен камсыздоо максатында эки компания менен жалпы 700 тоннага келишим түзүлгөн. Бүгүн 112 тоннасы алып келинип, аны ташып келүү үчүн 5 техника бөлүнгөн”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында 7 жайга көмүр сатуу жайлары уюштурулду. Өзгөндүн көмүрү тоннасы 3 000 сомдон, Алайдын көмүрү 4 000 сом деп бекитилди. Базар наркынан төмөн баадагы көмүрдү бир үй-бүлө бир тоннага чейин сатып алса болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.