Ош шаарында алгачкы жолу аялдардын курултайы өтүүдө

Бүгүн, 7-сентябрда Ош шаарында алгачкы жолу аялдардын тилектештик курултайы болуп жатат.

Аталган иш-чарага Ош шаары жана облус боюнча жалпысынан 150 аялдардын турмуш тиричилигине кайдыгер карабаган, демилгелүү аялдар катышышты.

Мындан сырткары курултайга президенттик администрациянын, Жогорку Кеңештин, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Өлкөбүздүн аялдарынын тилектештигин бириктирген курултайда облустагы айымдардын ар тараптуу жетишкендиктери тууралуу айтылды.

Курултай ЖКнын төрагасынын алдындагы аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин жана аял -депутаттар форумунун колдоосу менен активист аялдар тарабынан демилгеленген.

Аталган иш-чара бүткүл облустагы аялдарды бириктирип, кайсы бир бей өкмөт уюмдардын же болбосо бийликтин колдоосу менен эмес, аймактагы демилгелүү айымдардын өздөрүнүн аракети менен өттү деп билгиледи уюштуруу комитетинин мүчөсү Гүлжан Ажиматова.

“Мындай иш-чараны өткөрүү өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөргө, ошондой эле пандемияга байланыштуу, бул аялдар кыймылынын коомдогу өзүнүн ордун жана ролун талдоону талап кылат. Өлкө ар кандай окуяларды башынан кечирип, аялдардын мойнуна түшкөн жоготууларды гана тартпастан, ошондой эле социалдык жана саясий өз ара аракеттенүү, коомдун жүзүн түп тамырынан бери өзгөртө ала турган лидерликтин жаңы түрлөрүн киргизүү чоң мааниге ээ”,-деди ал.

Курултайдын негизги максаты- бул аялдардын коомдогу болгон ордун жакшыртуу, көйгөйлөрүн чечүү, жаңы өзгөрүүлөрдү киргизүү жана ошондой эле, жаш активист айымдарды колдоо болуп саналат.

Кыргызстандын аялдары жаңы тармактарды өздөштүрүп, башка тармактарда – финансы, бизнес, илим, саясат, спорт, дыйканчылыкта ийгиликтерди көрсөтүүдө.

Кыргызстандагы аялдардын курултайы аялдардын мындай прогрессивдүү тажрыйбасын жана баа жеткис тажрыйбасын аныктоо, изилдөө жана талкуулоо үчүн биринчи көп тараптуу аянтча болуп калат.

Бул аянтча аялдардын жана кыздардын ийгиликтүү окуяларын жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүк болот, алар аялдардын тең өкүлчүлүгүн колдобостон жана алардын салымын татыктуу баалоосуз өлкөнүн саясий, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө катышуу мүмкүн эместигин ырасташат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аялдарынын биринчи курултайы үстүбүздөгү жылдын, 20 -сентябрына чейин болот.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы курултайдын биринчи этабы Чүй облусунда, 25-августта болуп өттү. Кийинки курултайды Нарын облусунда өткөрүү пландалууда. Жалпысынан караганда бул иш -чарага өлкөнүн 300дөн ашык аялдар катышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.