Ош шаарында 80 үй-бүлө көчөдө калуу коркунучунда турат

Ош шаарында 80 үй-бүлө үйсүз калуу коркунучунда турат. Себеби алар жашаган Касымбекова 4А дарегинде жайланышкан көп кабаттуу жатакана аукциондун негизинде сатылып кеткен. Анын негизинде сатып алган тарап  жашоочуларды чыгып кетүүнү талап кылып жатат.

Алар жатакана “Текстиль”комбинатында иштеп жүргөндө берилген турак-жай деген негизде карышылык көрсөтүшүүдө. Жатаканада  тургундар 2000-жылдан бери жашап келишет. Жөн гана “Текстилде” иштеди деген жолдомонун негизинде отурукташып калышкандыктан кызыл китеп да берилген эмес.

Бул үй-бүлөлүк жатакананы Убайдулла Бидинов деген жараан сатып алган. Анын жактоочусу Самат Эркинбаевдин маалыматында, 2008-жылы жатакананы сатуу боюнча малмекет тарабынан аукцион жарыяланып, Бидинов утуп чыккан. Ошондуктан жашоочулар турак-жайды бошотошу керек дейт.

Ош облустук соту дагы бул маалыматтарды бышыктады. Маалыматка ылайык, “Текстиль”акционердик коомунун Ош шаардык ЖЭБнын “Электр станцияларына” 5 387 527 сом дебютордук карызы болгон. Карызды кайтарууга каражаты жок болгондуктан, соттун чечими менен турак-жай аукционго коюлган. 2008-жылдагы аукциондо Бидинов 4 639 950 сомго уткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген