Ош шаарында 16 жайкы лагерь иштей баштады

Лагерлер калаадагы 16 мектептин алдында  уюштурулган. Бүгүн биринчи агымдагы окуучуларды кабыл алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова билдирди.

“Лагерлер эрте менен 9дан 3 кө чейин иштеп 10 күнгө  созулат. Бардык шарттар каралып, эки маал ысык тамак берилет. Негизинен бул жерге социалдык жактан коргоого муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары келишет”,- дейт Салтанат Аманова.

Балдардын  тамак- ашы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат. Быйылкы жылга  188 миң сом  бөлүнгөн. Жалпы 600 окуучунун эс алуусу пландалган.

Белгилеп кетсек, Ош шаарындагы жалгыз “Жаштык” лагери оңдоо иштерине  байланыштуу быйыл окуучуларды кабыл албайт.

Сүрөт: Турмуш

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген