Ош шаарында 150 млн долларга курулуп жаткан завод ишин баштады

Ош шаарында жеке ишкер тарабынан гидротурбиналарды, түрдүү генераторлорду, элетромобилдерди чыгарчу завод иштей баштады. Анын алгачкы ишине Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков күбө болду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек жамааты менен болгон баарлашууда ишкананын ишмердүүлүк масштабына купулу толгонун билдирип, өлкөдө мындай завод биринчи жолу курулуп жатканын баса белгиледи.

Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү  шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандан чыгарыла турган биринчи электробустун прототиби даярдалууда.

Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылууда.

Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 млн АКШ доллары сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Заводдун курулушу 2018-жылдын май айында башталган. Быйыл март айында пайдаланууга бериле турган болгон, бирок пандемиялык карантин шартына байланыштуу ачылышы кийинкиге жылдырылып калган.

Жалпы сметалык баасы 150 млн долларлык завод тууралуу алдыда кенен маалымат алыңыз:

Завод тууралуу

Заводду Ош шаарына “Кыргыз Унаа Курулуш” компаниясы куруп жатат. Бул “Каганат инвест” холдингине караштуу компания болуп эсептелинет. Холдингинин жетекчиси Нурбек Осмонов.

Анын курулушу 2018-жылдын май айында башталган. Өндүрүштүк имараттын жалпы аянты 3 гектар жерди ээлеп, 16 миң чарчы метрден ашык. Инвестициялык каражаттын жалпы суммасы 150 млн доллар болсо, анын 20 млн.у курулуштун биринчи этабына каралган, ал эми калганы заводго керектелүүчү жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Завод Ossberger жана Pelton сыяктуу гидротурбиналарды, түрдүү генераторлорду чыгаруу менен келечекте электромобилдерди чогулдуу иштерин аткарууну пландоодо.

Өндүрүштүк ишкана европалык жана орусиялык заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалат. Ал жабдуулардын жардамында бардык өндүрүштүк процесс максималдуу автоматташтырылат.

Заводдон чыгарыла турган продукциялар:

– ГЭСке керектелүүчү жабдуулар, анын ичинде турбиналар, генераторлор жана электроавтоматикалар;

– Дизелдик жана бензиндик генераторлор;

– Шамал генераторлору;

– Түрдүү станоктор;

– Насостор жана клапандар;

– Электромобилдер.

Адистер боюнча

Мекеменин жумушун илгерилетүү үчүн Кыргызстандан сырткары, Түркиядан, Орусиядан жогорку класстагы адистерди чакыруу пландаштырылууда. Туруктуу жана сапаттуу өндүрүш менен камсыз кылуу максатында, заводдун жетекчилиги Европадан жогорку квалифициядагы адистерди тартууну пландоодо. Келечекте заводдо 300дөн ашык кызматкер эмгектенет. Мындан сырткары, жергиликтүү кадрларды даярдоо үчүн корпорациянын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов жеке каражатынан 10 кыргыз адистерин Европада окутууга каражат бөлдү.

Бийликтен колдоо

Бул ишкана Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки биринчи машина куруучу завод болуп эсептелинет. Мындай ишкананын ачылышы Республиканын экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот. Ал эми чыгарылган продукциялар Кыргызстандын керектөөсүнө эле жумшалбастан, чет өлкөлөргө да экспорттолот.

Бийлик ушул сыяктуу чоң завод-фабрикалардын курулушу ички жана сырткы миграцияны да токтотууга өбөлгө түзөөрүнө үмүт кылат. Ошондой эле өлкөгө келген инвесторлорду, жергиликтүү ишкерлерди мамлекет колдоого алып, аларга шарт түзүп берүүнү дайым айтып келет.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов масс-медиага буга чейин берген маалыматында мындай заводдордун ачылышы ички жана сырткы миграцияны азайтат жана өлкө экономикасынын өсүүсүнө өбөлгө түзөт.

“Мисалы, жеке ишкер ишкана ачып, ага техникалык жабдыктар керек дейли, маселен, чөп таңгактагыч чыгарчу завод курганы жатат. Ал үчүн станок керек да. Ошол станокторду ушул завод чыгарып берет. Дагы бирөө велосипед чыгаргысы келсе, аларга велосипед чыгарчу станок даярдап берет. Ошондуктан, Кыргызстанда мындан башка да завод-фабрикалар ачылып, иштеп кетиши үчүн бул завод аларга техникалык жактан абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү бере алат”,-дейт Т.Сарыбашов.

Ал кошумчалагандай, азыр биринчи этапта “Ниссан” компаниясы менен бирдикте автоунааларды, электромобилдерди, электр эсептегичтерди, трубогенераторлорду чыгарат. Кыргызстанда кичи завод-фабрикалар бар. Алардын көпчүлүгү станок, техникалык жабдыктарды чет өлкөдөн алып келишет. Эгер бул завод курулуп калса, техника-жабдыктарды алуу үчүн чет өлкөгө барбай эле, өзүбүздөн чыккан өндүрүштөн сатып алса ыңгайлуу жана бир топ каражатты, убакытты үнөмдөй алышат.

Ошентип Кыргызстанда алгачкы жолу техникалык жабдыктарды жана автоунааларды кура турган завод түптөлүп жатат. Учурда ага кымбат баалуу, сапаттуу жабдуулар келип жатат.

«Кыргыз Унаа Курулуш» – Кыргызстанда машина куруу жана энергетикалык жабдууларды чыгаруу жаатында лидерлик кылууга аракет кылат. Бул компания – өлкөдө өндүрүштү өнүктүрүү, ошондой эле элдин социалдык тармушун жакшыртууга шарт түзүү, Кыргызстанда энергетикалык жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн.

Ошто курулуп жаткан унаа заводу 300 адамды иш менен камсыздайт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген