Ош шаарында 12 тамада патент менен иштейт

Ош шаарында каттоого туруп, патент алып иштеген тамадалардын саны он экини түзөт. Алар өз убагында тапкан кирешесинен мамлекетке салык төлөп, ишмердүүлүгүн жүргүзүл келе жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык салык кызматынын өкүлү Асылбек Абдырай уулу билдирди.

Айтымында, каттоодо тургандардан сырткары канча тамада бар экени анык эмес. Бирок азыркы тапта тойдо кызмат көрсөткөндөргө патент алуу боюнча текшүрүүлөр жүргүзүлүп баштады. Аларга тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп, патент алуу милдеттендирилип жатат.

Тойдо кызмат көрсөткөндөргө салык баасы аймактарга жараша бөлүнөт. Баткенде 500 сом, Ошто 2 500 болсо, Бишкекте 3000 миң сомго чейин жетет. Токтом боюнча патент он беш күндүк, үч айлык жана бир жылдык болуп берилет. Эгер патент алгандан кийин ишкерлиги токтоп калса патентти убактылуу жаптырууга мүмкүнчүлүк бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген