Ош шаарына чет өлкөлөрдөн миңге жакын ишкерлер келишти

Кыргызстанда «ЮГ-ЭКСПО – 2019» Эл аралык 3-форуму өтүп жатат. Ага катышуу үчүн Ош шаарына Кыргызстандын бардык аймактарынан сырткары, Таджикистан, Өзбекстан, Кытая, Орусия, Индия, Ооганстан, жана Кувейттен миңге жакын ишкерлер келишти.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Форумдун алкагында аймактык универсалдуу көргөзмө-жарманке да өтөт.

Аталган форум – Фергана өрөөнүндөгү ишкерлер үчүн өздөрүнүн өндүрүштөрүн көрсөтүп, өз ара кызматташууга жана бизнестерин жайылтууга уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Бийлик өкүлдөрү бул жарманке – аймактардагы ишкерлерге бизнестерин чыңоо үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берет деп ишендиришет.

Эл аралык көргөзмөнү Кыргызстан демилгелеп, 2017-жылдан бери Ош шаарында өткөрүп келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген