Ош шаарына Бишкек мэриясынан тажрыйба алмашуу максатында делегация келди

Бүгүн, 29-апрель күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун башчысы Бектурган Орозбаев жана Бишкеке шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Ренат Айтымбетов баштаган жумушчу топ менен жолукту.

Ага Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчылары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып жатат.

Жолугушуунун максаты Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын арасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр боюнча тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Биринчи вице-мэр Замир Юсупов Ош шаарында жүрүп жаткан алгылыктуу иштер менен тааныштырып, тажрыйба алмашып, аны менен катар көйгөйлөрдү ортого салууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирип, эки күндүк иш-сапарга ийгилик каалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.