Ош шаарына аймактардан адамдардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди

Бүгүнтөн тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр кирзилүүдө. Бул тууралуу Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат кызматынан билдиришти.

«Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган 7 жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Бул блок посттордо санитардык кызматтардын кызматкерлери дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат. Ошондуктан тургундарга өзгөчө зарылчылык жок болсо, шаардан жана үйлөрүнөн чыкпоо сунушталат»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жукту деген 14 учур катталган. Бул дарттын жайылып кетишин токтотуу максатында 22-марттан баштап өлкөдө “Өзгөчө кырдаал” абалы киргизилди. Мындан кийин Ош облусунун аймагына 72 санитардык-карантиндик посттор коюлду. Аларда атайын кызматтар зарылчылыгы болгон гана жарандарды текшерип ары-бери өткөрүүдө. Коронавирус катталган райондордо эле эмес, өлкөнүн бардык аймагындагы дарыгерлер менен күч органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Булар – жарандардын ден-соолугу үчүн кам көрүлгөн иш-чаралар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген