Ош шаарын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү программасы бекитилди

Бүгүн, 24-декабрда шаардык кеңештин кезектеги сессиясында Ош шаарын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү “Келечекке татыктуу шаар” программасын бекитүү жөнүндө маселе каралып, шаар мэри Алмаз Мамбетов маалымат берди.

“Келечекке татыктуу шаар” программасы Ош шаарын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы шаардын тургундарынын мүдөө-талаптарын эске алуу менен шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт.

Ошондой эле программа 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууга да багытталган.

Программанын максаттары экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү, таза суу менен камсыздоону, коммуналдык чарбаны жакшыртуу жана бардык муниципалдык ишканаларды санариптештирүү, социалдык өнүгүүгө жагымдуу чөйрө түзүү.

“Жалпы программаны каржылоого 17 млрд. 105,9 млн. сом акча каражаты жумшалат.  Анын ичинен 1 млрд. 934,2 млн. сом жергиликтүү бюджеттен, 1 млрд. 248,3 млн. сом республикалык бюджеттен бөлүнөрү, бюджеттен тышкары ипотекалык жана өздүк каражаттар 1 млрд. 619,5 млн. сом болору, ал эми 12 млрд. 416,9 млн. сомдук инвестициялар тартылышы пландаштырылган”,-деди А.Мамбетов.

Шаардык кеңештин депуттары бул маселени бир добуштан колдоп, Ош шаарын 2022-2025-жылдарда өнүктүрүү программасын бекитишти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.