Коменданттын кайрылуусу: Эмнелерди эске алуу керек?

Ош облусундагы Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча коменданты Малик Нурдинов, Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын мэринин кызматкерлери ,Кара-Суу жана Ноокат райондорунун акимдери, мекеме уюмдарынын жана укук коргоо органдарынын жеткчилери менен кеӊешме өткөрдү. Кеӊешмеде коменданттык саат убагында кандай иш чаралар уюшула тургандыгы талкууланды жана коменданттык саат киргизилген аймактарга тийиштүү жооптуулар дайындалды.

Өзгөчө абалга байланыштуу Ош облусундагы Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча коменданты Малик Нурдинов элге кайрылуу жасады:

– Урматтуу Мекендештер! Дүйнө жүзүнө таркаган адамзатттын өмүрүнө коркунуч келтирген коронавирус илдетин токтотуу маскатында  Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарынын аймактарына 2020-жылдын 25-март күнү саат 8:00 дөн баштап өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аталган аймактарда саат 20:00 дөн эрте мененки саат 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет. Коменданттык саат учурунда бардык кыймыл токтотулат. Өгөчө абал учурунда коюлган талаптарды аткарбаган жарандар төмөндөгү беренелер боюнча жоопко тартылат:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЗЫК КОДЕКСИ

280-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу

Этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууну, адамдардын уулануусун же башка оор зыянды келтирген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же этиятсыз бузуу, –

VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

IV категория: жашы жетелектер үчүн – 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн – 1800дөн 2200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин; II категория – эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө;

Эл көп топтолгон иш чараларга тыюу салынат. Себепсиз көчөлөрдө жүрүүгө чектөө киргизилет. Урматтуу мекендештер бул иш чаралар калкыбыздын ден соолугу үчүн көрүлүп жаткан камкордук.

 Ошондуктан түшүнүү менен мамиле кылууӊуздарды суранабыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген