Ош шаары Беларусь менен кызматташууну өнүктүрөт

Ош шаары Беларусиянын ишканалары жана мекемелери менен кызматташууну өнүктүрөт. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтан белгилүү болгондой, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода -экономикалык, социалдык, гуманитардык жана маданий тармактарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

«Беларусь компаниялары шаардык курулуш жана коммуналдык ишканалар үчүн атайын жабдууларды жеткирүү боюнча бардык тендерлерге катышууга даяр. Биз Оштогу “Унаа Курулуш” ишканасынын базасында электр жабдууларын кураштырууну уюштуруу жаатында активдүү иштеп жатабыз. Чет өлкөдөн келген студенттер үчүн Беларустун жогорку окуу жайларында окуу үчүн президенттик гранттык программа бар. Ага катышуу үчүн Оштун студенттери арыз бере алышат », – деди Андрей Страчко.

Жолугушууда ошондой эле, биргелешкен бизнес -форум өткөрүү, Беларустун ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда көргөзмө өткөрүү, Беларустун чоң шаарлары менен боордоштук мамилелерди түзүү, гибриддик троллейбустарды жана Ош шаарынын коммуналдык кызматтары үчүн атайын жабдууларды жеткирүү тууралуу сүйлөшүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.