Ош шаары: Бардык санитардык-карантиндик посттор алынды

Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, 8-августтан тарта Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган бардык санитардык-карантиндик посттор ишмердүүлүгүн токтотту. Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын жыйынында кабыл алынган.

“Ош шаарына кирүүчү жолдорго жалпы 7 санитардык-карантиндик посттор орнотулган болчу. Бирок ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Ооруга чалдыгуу бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди так сактоо зарылдыгын эсиңиздерге салабыз”, – деди мэриянын басма сөз кызматкери.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 2020-жылдын 22-марттан тарта санитардык-карантиндик посттор өз ишин баштаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.