Ош шаардык төрөт үйүндө дарыгерлер жетишсиз

 Ош шаарындагы төрөт үйүндө жогорку квалицикациялуу дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу төрөт үйдүн жетекчиси Зейнеп Исраилова билдирди. Бүгүн, калаа башчысы төрөт үйдүн абалы менен таанышты. Бул тармакта көптөгөн көйгөйлүү маселер боюнча мекеме жетекчилиги маалымат берди.

“Маселен төрөт үйүндө жогорку квалификациялуу дарыгерлер жетишпейт. Кадр жагынан аксап келебиз”-деди Исраилова.

Ал эми калаа жетекчиси төрөт үйүнө өзгөчө көнүл бурулуп, оңдөп-түзөө иштерин жана адистердин билимин арттыруу жаатында жардам болоорун убадалады.

Эске салсак, учурда төрөт үйүндө жалпы 400дөй дарыгер эмгектенет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген