Ош шаардык прокуратурасынын алты айдагы иш аракеттери

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазасынын түрлөрүнүн алдын алуу:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2018-жылдын  26-декабрындагы №93-п сандуу «Кыйноолорду жана мамиле жасоонун жана жазалоонун адамгерчиликсиз, катаал же адам аброюн түшүрүүчү башка түрлөрүн колдонууга тыюу салуунун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылууга прокурордук көзөмөл жөнүндө» буйругу прокуратура кызматкерлери тарабынан башка укук коргоо органдарына көзөмөл жүргүзүүдө колдонууга алынган. 

2021-жылдын 6 айында Ош шаардык прокуратура тарабынан шаардык ИИБнын кызматкерлеринин кылмыштын бетин ачууда жүргүзгөн иш аракеттери көзөмөлгө алынып, шаардык милиция бөлүмдөрү, нөөмөт бөлүмдөрү, кызматтык кабинеттер жана убактылуу кармоо жайынын камералары капысынан 83 жолу текшерүүгө алынган.

Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кыйноо тууралуу шаардык прокуратурага 7 арыз/билдирүүлөр келип түшүп, жыйынтыгы менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү каттоо реестрине катталып, караштуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын МУККнын Ош шаары жана Ош областы боюнча ТБнө жиберилген жана кыйноолорду алдын алуу, мындан ары болтурбоо максатында Ош шаардык ИИБнын башчысынын наамына мыйзамдын бузулушун четтетүү жөнүндө 1 сунуш жана 1 талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 2 кызмат адамы  тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Башкы прокуратурасына, Кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун Ош шаары жана Ош областы боюнча аймактык өкүлчүлүгүнө Д.Ж. арыз менен кайрылган, анда 20.02.2021-ж. болжол менен саат 19:00 чамасында Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунда өзүнүн жеке колдонуусу үчүн Т.Б. 1000 сом акчага 0,75 граммды түзгөн баңги затын сатып алып жаткан кезде Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери кармашып, кармоо учурунда видео тасмага тартышып, Д.Ж. чөнтөгүнөн жогоруда көрсөтүлгөн баңги заты табылгандыгын, андан кийин жасабаган кылмышты жасады деп документтерге тергөөчүнүн кызматтык кабинетинде эки күн ыкчам кызматкерлер уруп сабап кыйноого алгандыгын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сураган.

2021-жылдын 4-майында аталган факты Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш катталып, караштуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын МУККнын Ош шаары жана Ош областы боюнча ТБнө жиберилген.

Бул багытта шаардык прокуратура тарабынан иш-чаралардын жүргүзүлүүсү улантылууда.

Ош шаарынын прокуратурасынынбөлүмүнүн улук прокурору Н.Мамытов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.