Ош шаардык мэриясынын жаңы аппарат жетекчиси дайындалды

Ош шаарынын мэриясынын жаңы аппарат жетекчиси болуп, Досматов Камчыбек Султанмуратович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ал бүгүн, 13-августта мэриянын эмгек жааматына тааныштырылды.

Камчыбек Досматов бул кызматка чейин президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп турган.

Жаңы дайындоо КРнын президентинин 2021-жылдын 17-июнундагы №266 – “Кыргыз Республикасынын Президенинин администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо” жөнүндө жарлыгына ылайык ротациялоо тартибинде которулган.

Камчыбек Досматов 1988-жылы 21-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылында туулган.

-Эки жогорку билимдин ээси, мамлекеттик кызматтынын 2-класстагы кеңешчиси.

-Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кенже кызматтан жогорку кызматтарга чейин иштеп келген.

-Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө башкы адис;

-Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага;

Акыркы жылдары президенттин аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.