Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери айлык акысынын бир бөлүгүн баткендиктерге которот

Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери жаңжал чыккан аймактан көчүрүлүшү керек болгон Баткен облусунун тургундарына бир күндүк эмгек акыларын которушат. Бул тууралуу кала башчысы Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, эртең баткендиктер үчүн атайын ачылган эсепке 300 миң сом бөлүү маселеси каралат.

«Мындан тышкары, муниципалитеттин жана анын бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын которушат. Биз эч кимди мажбурлабайбыз, бирок андай мүмкүнчүлүгү барлар жасай алышат. Каражаттарды бөлүштүрүү боюнча атайын комиссия түзүлөт. Эки тарап тең тынчтык жолу менен бирдиктүү чечимге келишет деп үмүттөнөбүз”, – деди Таалайбек Сарыбашов.

Эске салсак, 28-апрелде тажик тарап Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной”суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы электр мамычасына видеокөзөмөлдөөчү камераларын орното баштагандан кийин башталган.

Бүгүн, 30-апрелде, саат 7:50 карата кыргыз-тажик чек арасындагы окуянын курмандыктарынын жалпы саны 134 адамды түзүп, 13 адам каза болду.

Белгилей кетүүчү нерсе, “Головной” суу бөлүштүргүч ишканасы Кыргызстандын аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башатында жайгашкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.