Ош шаардык мэриясынын 1 кызматкеринен вирус аныкталды

Ош шаарынын мэриясынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

“Мэриянын аппаратынын кызматкерлери анализ тапшырышты. Ал эми вирус жуктуруп алган кызматкер менен байланышта болгон кызматкерлер обсервацияга алынды. Шаардык мэриянын аппаратынын кызматкерлери аралыкты сактоо менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барат”, – деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында COVID-19 инфекциясынын жаңы 47 учуру катталды. Жалпы 500 адамга жетти.

26-июнь: Илдет дагы 250 кишиден чыкты

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.