Ош шаардык мэриясы ишкерлер менен биргеликте Баткенге гумжардам жеткирди

Ош шаардык мэриясы ишкерлер менен биргеликте Баткен облусуна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу түштүк борбордун муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош мэриясы 500 миң сом бөлүп, жеке ишкерлер 2 миллион сомдук азык-түлүк жөнөткөнү такталды.

“Мэриянын резервдик фондунан 400 миң сом, дагы 100 миңи – муниципалитеттин кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы бөлүнгөн. Жеке ишкерлер, курулуш компаниялары тамак-ашка 2 миллион сом бөлүп берди”, – деп билдирди муниципалитет.

Ош шаардык мэриясы каражат бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн белгиледи. Анын курамына шаардын активисттери жана тургундары кирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.