Ош шаардык кеңешинин сессиясында эмне маселелер каралды? Тизме

Бүгүн, 26-декабрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы өтүп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме ишканалардын, уюмдардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Сессиянын күн тартибинде 10 маселе каралып, талкууланууда.

  1. Ош шаарынын мэринин Ош шаарын 2019-2020-жылдарда өнүктүрүү “Туруктуу өнүгүүгө багыт” программасын бекитүү.
  2. Ош шаарынын мэринин 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету.
  3. Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу.
  4. Ош шаарында жумуш орундарын түзүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндө.
  5. Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер.
  6. Ош шаардык бюджеттик мекемелер, өнөр-жай ишканалар жана коммерциялык уюмдар үчүн таза сууга жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоого төлөнүүчү тарифтерди өзгөртүү.
  7. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөөгө жана балдарга жардам берүү борборун” түзүүгө макулдук берүү.
  8. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө.
  9. Ош шаардык кеңешинин 2019-жылга иш-планын бекитүү.
  10. Ош шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө маселелер каралып, сунуш пикирлер айтылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген