Ош шаардык балдар ооруканасына жаңы жабдуулар алынды

Ош шаардык балдардын  жугуштуу оорулар ооруканасында Германиядан 3 даана жаңы аппараттар алынып келинди. Бул тууралуу “Ынтымакка”  аталган оорукананын башкы дарыгери Кайрат Абжалов билдирди.

Бул  аппараттардын жардамында баланын жалпы абалын тез аныктоого болот.

“Биз ооруканабызды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылганы аракет кылып жатабыз. Мындан сырткары адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында окууларга жөнөтүп турабыз. Тактап айтсам, 2018-жылы 3 дарыгерибиз Москвага барып билимин жогорулатып келишти.”-деди Абжалов.

Жалпысынан оорукана 180 балага ылайыкташтырылган, бирок айрым учурларда балдардын саны 230 чейин жетет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген