Ош: шаар тургуну жер тилкеге акча талап кылды деп архитектураны айыптоодо

Ош шаарынны тургуну Мыскал Татаева 1993-жылы үй менен кошо 25 чарчы метр жер тилкесин сатып алган. Ал убакта тилке унаа коючу жер болгон. Кийин аны бузуп, дүкөн катары иштетип келген.

Анын айтымында, дүкөн ачарда архитектура кызматынан документтерди алып, акча дагы төлөгөн. Бирок жердин кызыл китебин алган эмес. Азыркы тапта шаардык архитектура кызматы документти алуу үчүн 3 миң доллар сурап жатат.

Алар айткан сумманы бере албаганым үчүн жерди бошотуп кой деп тынчымы ала башташты. Учурда мага карата коркутуулар болуп жатат. Кечээ болсо келишип, дүкөнүмү бузуп кетишти. Буга чейин эскертүү да берген эмес”, -деди Татаева.

Ош шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Алтынбек Токошевдин айтымында, 25 чарчы метр жер Жусупмырза Абдуллаев деген жарандын атына катталган. Бул боюнча мэриянын да токтомдору бар.

Ал кошумчалагандай, шаардык кеңештин депуттарынан  турган комиссия бул маселени бир жыл мурун карап чыгышкан. Анда Мыскал Татаева жерди мыйзамсыз пайдаланып келгендигин аныкташкан. Мындан улам архитектура кызматынын дүкөндү алып таштаганын туура деп эсептешет.

Белгилей кетсек, шаар аймагына курулуш куруу үчүн алгач архитектура кызматына кат түрүндө кайрылуу зарыл. Анын мыйзамдуулугу каралып эки тараптуу келишим түзүлүшү керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.