Ош: шаар бюджети 194 млн 979 миң сомго көбөйөт

2020-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин 1 млрд 322,6 млн сомго бекитүү сунушталууда. Бул 2019-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 194 млн 979,0 миң сом көп. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү тапшырмасын берген.

Эске салсак, 2018-жылы шаардык бюджет 940 млн сом, 2019-жылы 1 млрд 127 млн сомго бекитилген. Бюджет боюнча коомдук угуу 2020-жылдын 23-январында болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген