Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда кырсыктан 2 адам каза болду

Окуя  Ош-Сары-Таш-Эркечтам эл аралык жолунун 18-чакырымында (Каратай айылында) болгон. Бул тууралуу Ош облустук ЖККнын басма сөз кызматы кабарлады.

“ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү автоунаа чыгыштан батышка карай бара жатып, ролду башкара албай жолдун четиндеги даракты сүзгөн.

Натыйжада унаанын ичиндеги эки жаран кырсык катталган жерде каза болушкан.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген